Комада жаткан. Чүйдө жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен жабырлануучу каза болуп калды

Чүйдө жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, комада жаткан жаран каза болуп калды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарабынан маалым болду.

Кырсык 3-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында катталган. Анда ЗИЛ жүк ташуучу унаанын айдоочусу чыгыш тарапка бара жатып болжол менен 30-35 жаш чамасындагы жөө адамды сүзүп кеткен. Милиция кызматкерлери жабырлануучу Ысык-Ата райондук ооруканасында комада жатканын, аты-жөнүн аныктоого, жакындарын табууга жардам сурап кайрылышкан.

"7-ноябрда кырсыктан жабыркаган жаран Кемин районунун 34 жаштагы А.Н. аттуу тургуну экени аныкталды. Аны туугандары тааныды.Тилекке каршы, жабырлануучу эсине келбей каза болду", - дешти мекемеден.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып, териштирүү башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан