Биз социалдык тармакта

Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамдын максаты 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Бул макулдашууга ылайык жогоруда аталган фонддун бюджетинин отчёттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Фонд түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана программаларды колдоого алып жана каржылайт. Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий, техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан