Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады жана үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле Орусия тарап Кыргыз Республикасында салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-312
2021-11-09 21:38:26
Чье толк?
0
Asmat84
2021-11-09 22:17:31
KG-312,акча сурамай
-1
AdylbekB84
2021-11-10 00:43:50
Вакцинаны чечкиле! Кыргызстандан алып келген вакцина бул жакта жарабайт деп кайрадан Россиянын вакцинасын алып жатышат мигранттар, болбосо ишке албай жатат орустар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан