Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды

Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү саат 17:41де "102" кызматынан Тогуз-Торо району, Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-жылы туулган Б.Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн, 9-ноябрь күнү улантылды.
Саат 10:45те Б.Д.нын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында, Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан