Тажикстан 52 мамлекеттин жарандарын өлкөгө визасыз киргизет

Тажикстан өкмөтү өлкөгө 2022-жылдын 1-январынан тарта 52 мамлекеттин жарандарын визасыз киргизүү режимин киргизет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар аталган өлкөдө визасыз 30 күн жүрө алышат.

Ал эми Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай кадамга баруу инвестиция жана туризмди өнүктүрүү максаты коюлганы менен байланыштырышат.

1-январдан тарта төмөнкү өлкөлөр аталган мамлекетке визасыз кире алышат:

Австралия, Бириккен Араб Эмираты, Люксембург, Кувейт, Катар, Жаңы Зеландия, Исландия, Малайзия, Венгрия, Австрия, АКШ, Аргентина, Германия, Италия, Түштүк Корея, Куба, Латвия, Литва, Мальдив, Польша, Португалия, Франция, Финляндия, Филиппин, Сингапур, Түркия, Хорватия, Чили, Эстония, Греция, Монако, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бельгия, Испания, Дания, Нидерланды, Норвегия, Таиланд, Швеция, Ямайка, Япония, Эстония, Лихтенштейн, Шри-Ланка жана башка өлкөлөр.



















РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulina00
2021-11-10 09:35:51
Ит да келбей койсо экен сасыктарга,канкорлор.
+4
Isken90
2021-11-10 09:53:49
Озун башкача элестетип алганго тажиктер кулкуну келтиретда
+2
Isken90
2021-11-10 09:55:50
Тажиктерге визасыз авганистан пакистан сирия ушул жактан келет качкындар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан