Инстаграм блогерлерге акы төлөп катталуу функциясын иштеп чыгат

Meta (мурдагы Фейсбук) компаниясына таандык Инстаграм социалдык тармагы акча төлөп, популярдуу блогерлерге жазылуу мүмкүнчүлүгүн сынап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жыл башында социалдык тармак блогерлерге жазылуу идеясын изилдей турганын жарыялап, андан кийин Инстаграм өзүнүн катталуучуларына гана блогерлердин "сторисин" көрө ала турган функцияны иштеп чыга баштаган.

Басылмалардын маалыматында, катталуу идеясы колдонуучулар сүйүктүү блогерлеринин баракчаларындагы эксклюзивдүү маалыматка биринчилерден ээ болуу үчүн анча көп эмес акы төлөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Marni
2021-11-10 12:52:17
Инстаграмы да, блогерлери да мамлекетке налог төлөгөндү да унутушпасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан