Америкалык ишкер Илон Маск акыркы эки күн ичинде 50 миллиард доллардан ашуун каражатынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, ишкер буга чейин социалдык тармактын колдонуучуларына өзүнүн 10 пайыз үлүшүн сатуу керекпи деген суроо салгандан кийин баалуу кагаздарынын баасы кескин түрдө төмөндөп кеткен.
Илон Маскка таандык "Tesla" компаниясынын акциялары шейшемби күнү Нью-Йорк биржасында сооданын жабылышына карата 16 пайыздан ашык арзандаган. Мындан улам ишкердин байлыгы дээрлик 50 миллиард долларга төмөндөдү.
Буга чейин Илон Масктын байлыгы бир күндө 17 миллиард 100 миллион доллардан ашык өсүп, байлыгы 315 миллиард долларга жеткен. Өз кезегинде белгилүү "Bloomberg" агенттиги Илон Масктын байлыгын 335 миллиард долларга баалаган.