Түндө Арча-Бешикте үй өрттөнүп, үйдүн ээси каза болду

Бүгүн, 10-ноябрга караган түнү Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы үйдөн өрт чыгып, 29 жаштагы үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де 1 бөлүм тартылган. Саат 03:46да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси (1991-жылы туулган А.У.) көмүр кычкыл газына ууланган", - деп билдиришти ӨКМдан.

Жабырлануучуну "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Тилекке каршы, ал ооруканага жетпей каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан