АКШда Брендан Эванс аттуу жаран 2017-жылы питбультерьер породасындагы күчүктү мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Эванстын жактоочусуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, күчүк Олли деп аталган. Ал 2017-жылы октябрда жарадар абалда Голливудда табылган, аны чемоданга салып таштап кетишкен.
Олли денесинен 50дөн ашык бычактан жаракат алган, ал ветеринардык клиникага жеткирилип, эки күндөн кийин өлүп калган. Бул окуяга кыжырданган жарандар кылмышкерди кармагандарга 60 миң доллар сыйлык жарыялашкан. Кийинчерээк полиция чемодандан алынган бармак издери боюнча Эвансты табышкан.
Эванстын батирин тинтүү учурунда жуунуучу бөлмө менен ашканадан мышыктардын тамандары, келемиштердин өлүктөрү жана кандын издери, ошондой эле эки бычак жана союл табылган. Алгач Эванс күнөөсүн моюнуна алган эмес, төрт жылдан кийин гана моюнуна алган.