Ысык-Көл облусунун Түп районунда жеңил унаалар сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашып, автокырсык 9-ноябрда катталганын белгилешти.
"Тогуз-Булак - Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунда Ауди С4 менен Мицубиси Каризма үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 5 эркек киши (1996-жылы туулган И. уулу К., 1996-жылы туулган К.Ж., 1998-жылы туулган Б. уулу А., 1991-жылы туулган Ө. уулу Д. жана 1984-жылы туулган А.А.) ар кандай жаракаттарды алышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Жерине 4 куткаруучу тартылган", - дешет мекемеден.