Бир сутка ичинде республикада 69 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, стационарда 583 жана амбулатордук түрдө 778 адам дарыланып жатат.
Республика боюнча жалпы 176 миң 392 бейтап аталган илдеттен сакайды.