Жалал-Абад шаарында абакка тыюу салынган зат киргизүүгө аракет кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган заттын жалпы салмагы 3 килограмм 450 граммды түзөт. Маңзат 7 баштыкка салынып, скотч менен оролгон.
Ал марихуана болушу мүмкүн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМК тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.