"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын ири көчөлөрүнө таштанды челектерин орнотту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Биринчи этапта мындай урналар Жибек Жолу кең көчөсү менен Лермонтов көчөсүнө, дагы бир нече көчөлөргө орнотулду.
Урматтуу жарандар, таштандыларды туура эмес жерге ыргытпоону жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.