Биз социалдык тармакта

Баласы менен полдо жаткан эне. Оштогу балдар ооруканасында дагы деле орундар жетишсиз болууда


Буга чейин Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасында орундар жетишсиз болуп, бейтаптар полдо жатканы кабарланган. Аталган маселеге Акыйкатчы институтунун Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери көңүл буруп, жеринде иликтөө жүргүзүштү.
Белгилүү болгондой, текшерүү учурунда аталган оорукананын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов акыркы аптада сасык тумоо оорусу менен тумоолоп келген балдардын саны көбөйүп кеткенин, палаталарда орун жок болгондуктан коридорго 12 керебет коюлгандыгын билдирген. Ооруп жаткан кичинекей бейтаптардын көпчүлүгү палаталарга жайгаштырылган, 6 бала коридордогу керебетте жаткан.
"Башкы дарыгер Ош облусунун аймактарында да балдар ооруканасына кайрылгандар көп болуп, бейтаптарды мүмкүн болушунча жаткырып дарылап, айыккандарды чыгарып жаткандыгын, ошондой эле шартка байланыштуу амбулатордук дарыланууга жөнөтүп, тиешелүү дары-дармектерди жазып берип жатканын да маалымдады. Аталган ооруканада дары-дармектер жетиштүү санда экенин кошумчалады", - деп айтылат билдирүүдө.
Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасы жалпы 540 баланы дарылоого ылайыкталган. Бирок бүгүнкү күндө ар кандай дарт менен 620 бала дарыланууда. Анын ичинен оорукананын Пульмонология бөлүмү 60 керебет орунга ылайыкташканына карабай, учурда 175 бала дарыланууда, алардын көпчүлүгү бир жашка чейинки балдар.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэринин мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсатаров облустук балдар ооруканасында орундар жетишсиз болуп, эне, балдардын полдо жатканын, дарыгерлер баарын карап жетишип жатканын белгилеген.
Көп өтпөй эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардык балдар ооруканасынан 60 орун бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-11-10 13:40:09
Каяктагы Асман шаарды кое туруп, олкого жетиштуу оорукана, мектеп, бала бакча куруп алсынчы, Жапаров деген бири........
+2
Azat-123
2021-11-10 13:59:33
Antiradikal3,Асман шаар менен сенин ишиң болбосун, ага сенин башың жетбейт
-4
mira28
2021-11-10 13:48:36
Ар айылга эл барса барбаса мечит сала беришет сооп алабыз деп,оорукана салып койсо деле чондон чон сооп болмок ошо колунда бар кишилер.Мамлекет жарды аны куноолоп олтуруп,балдарыбыз жерде жатып калды.10 жылдык 20 жылдык дегендер да айылдарка арка тургузуп анан аркардын солокотур тургузуп анчале акчаны пайдасыз нерселерге жумшап жатышат.Ал эми эн керектуу оорукана,мектеп,бала бакча комускодо калып жатат.
+5
Aimani
2021-11-10 15:56:29
Өкмөттү күнөөлөй беребиз. Бирок ата энелер өзүбүз балдарды жакшы карашыбыз керек. Бизде детский отделениеде ооруган балдардын көбү кыргыздар. Хотя шаардын жарымы орустар жашайт. Келиндер балдарын жакшылап караганы убакыт жок. Көр оокаттын айынан. Негизи эле биз балдарды жакшы карабайбыз. Убагында эшикке чыгарып,киргизип,кийимине көңүл буруп,тамагын таптап берсек жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан