"Жылаңач баатыр: Көл жээгинде" долбоорунун жеңүүчүсү, ырчы Марс 33 жашка толду. Бул жолу туулган күнүн жубайы менен чогуу өткөрүп жаткан ырчы "колум узарып калды" дейт.
"Бойдок кезде туулган күнүмдү досторум менен белгилеп, көнүмүш эле нерсе болуп калган. Быйыл өзүмдү чоң киши сезип, жоопкерчилик бар экенин туюп турам. Туулган күнүмдү эң жакын адамымдын жанында белгилеп, үй-бүлөм менен бирге болгонум эң жакшы нерсе экен. Көңүлүм сонун, жадырап-жайнап, жаркоптой кайнап, азыр даярданып жатабыз. Кечинде досторум менен бир жерге барып отурабыз. Буга чейин өзүм уюштурсам, азыр келинчегим чуркап "колум узарып жатат" (күлүп)", - дейт туулган күн ээси.
Марс мырза 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Ушул жылдын 21-сентябрында ырчы сүйүктүүсү Мээримге баш кошкон.
Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.
Ырчынын бала чактагы сүрөттөрүн көрүү үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз.