Коңшу Өзбекстанда жөө баскандарга мамлекет акча төлөп берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмаларында жазылды.
Маалыматка ылайык, жөө басып сейилдеген адамдарга өкмөт тарабынан акча берүү ушул жылдын июнь айында башталган. Анда жөө жүрүүчүлөргө акча мамлекеттик бюджеттен "Дени сак жашоо образы" тиркемеси аркылуу төлөнөт.
Бул демилге президент Шавкат Мирзийоевдин "спорттун түрлөрүн өнүктүрүү" токтомунун негизинде ишке ашырылууда. Өлкө башчысы бул платформанын колдонуучуларын көбөйтүү, жарандарды дени сак жашоо образына үндөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 60 миллиард сум (болжол менен 474 миллион сом) бөлгөн. Учурда "Дени сак жашоо образы" тиркемесин колдонгондордун саны 600 миң адамга жетти. Жөө басып сейилдеген адамдарга жалпысынан 18 миллиард сум (142 миллион 200 миң сом) төлөнгөндүгү айтылат маалыматта.