Бүгүн, 10-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 670 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"10-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 670 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 179 метр куб, агып чыгышы 566 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 10-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 582 миллион метр кубду түзгөн.