Биз социалдык тармакта

УКМК: "Өлкөдө калкка эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды"

Өлкөдө калкка эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө дүң жана чекене баалары мурунку баасын 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
souza.j
2021-11-10 16:01:04
Азаматсынар. КРда бирок арзан. Саатына да карап койсо го.
-4
Antiradikal3
2021-11-10 16:36:55
Беспредел... Каякта арзандаганы.

Эн жонокой эле тайлол-хот порошогу базарда 28 сомдон 40 сомго чейин... Айырмачылык 2-3 сом болсо мейли эле. 10 сомго чейин да айырмачылык болобу? Мындан чыкты баасы мин сомдон жогору дарылардагы баа айырмачылыгы кеминде 100-300 сом экен да.
+6
Azat-123
2021-11-10 17:27:35
Antiradikal3, күнүң тайлолхотко түштүбү? Ысыгың ашып мээң чирип баратканго
-11
Antiradikal3
2021-11-10 17:30:54
Azat-123, сен ысыгын ашып, мээн агып баштаганда ичесинби тайлол-хотту?!.... :)))
+7
Azat-123
2021-11-10 17:35:07
Antiradikal3,алган сен болсоң, ичкен мен боломбу?
-5
Antiradikal3
2021-11-10 17:40:16
Azat-123, сага индивидуально рецепт жазып беришкен турбайбы врачтарын....... )))

Башкалар грипп болгондо эле ичишет бул порошокту...)
+5
Azat-123
2021-11-10 17:51:08
Antiradikal3,уже врачка бара баштадыңбы, өлгөн турбайсыңбы
-8
Ela93
2021-11-10 19:48:59
Antiradikal3, Сенин Мадумайын жазып берсе керек!
-6
Ela93
2021-11-10 19:50:41
Antiradikal3,сен эч качан бактылуу болбойт окшойсун, себеби жакшы ой,пикирин жок
-6
elmira.
2021-11-10 22:25:50
Коменттерге кулкун келетго ))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан