
Нарында парламенттик шайлоого талапкердин баннерин айрып кеткен окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда. Бул туурасында Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 6-ноябрда милициянын кайгуул кызматына билдирүү түшкөн. Анда Нарын шаарынын Ленин жана Батыш көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын алдыңкы бетинде илинип турган №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин 2 даана баннери ортосунан ылдыйды көздөй айрылганы маалымдалган.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңешке №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин баннерин айрып кетиптир деген дагы бир билдирүү түшкөн.
"Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча териштирүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдарда 94-беренеде көрсөтүлгөн жоруктун курамы байкалгандыктан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Жоруктардын бетин ачуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары Нарын шаарынын 1992-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толук моюнга алып, баннерлерди айрууга өз ара келишпестиктен улам баргандыгын жана кылган аракеттери саясий мотивге ээ эместигин айтып көрсөтмө берген.
Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө шектүү №33 шайлоо округунун шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен байланышта тургандыгы аныкталган эмес", - дешет басма сөз кызматынан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө иштери уланууда.