Жалал-Абадда наристени сатууга шектелген аял кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат облустук ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Аталган факты Жазык кодексинин 359-беренеси ("документтердин жасалмасы") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында Ж. аттуу аял жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган. Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жерден шектүүнү кармашты.
Ал эми ымыркай Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүп берилди. Аталган факты Жазык кодексинин 171-беренесине ("адам сатуу") квалификациясы алмаштырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.