Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда волейбол боюнча спартакиада болуп өттү

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүндө мектеп окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач волейбол боюнча мектептер арасында 20 командадан 8 мектептин оюнчулары шаардык этапка жолдомо алышкан. Мелдешке тандап алынган 8 команда ат салышкан.

"Оюн соңунда 1-орунду №13 Р.Азимов атындагы орто мектеби, 2-орунду №10 Т.Кошматов атындагы гимназия мектеби, 3-орунду №4 мектеп-гимназиясы жана №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы ээлешти. Ал эми балдар командасынан 1-орунга №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын, 2-орунга Т.Кошматов атындагы мектеп-гимназиясы, 3-орунга №9 Р.Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясы ээ болушту", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан