"Өлкөнү алга жылдырууга жигердүү салым кошоруңарга ишенем". Президент Садыр Жапаров Жаштар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Дээрлик жыйырма жыл мурда биз Жаштар күнүн белгилеп баштаганбыз. Кыргыз Республикасынын демократиялык курсун ишке ашырууда жаш муундун өсүп бараткан ролун эске алып жана жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатында бул майрам 2002-жылдын 10-ноябрында бекитилген.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, бүгүнкү күндө өсүп-жетилип жаткан муун Кыргыз Республикасында дагы чоң күчкө ээ. Анткени алар — мамлекеттин эң активдүү бөлүгү. Жаңы технологияларды, инновацияларды жана реформаларды кабыл алууда, өздөштүрүүдө жана мыкты долбоорлорду көтөрүүдө жаштардын орду баа жеткис. Алар ыкчамдык менен өнүгүп жаткан заманга абдан тез ыңгайлашары жалпыбызга белгилүү.

Мамлекет жаштардын өлкөнүн экономикалык жана саясий турмушуна аралашуусуна, тартылуусуна кызыкдар. Биз жөндөмдүү жана дени сак жаңы муундун калыптанышы үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Анткени алар - өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви болуусу зарыл!

Урматтуу жаш муундун өкүлдөрү!

Бүгүнкү күндө сиздердин илимде болобу, ишкердикте болобу, айтор ар тармакта көптөгөн ийгиликтерге жетишип, коомдук, спорттук жана социалдык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырып, учурдун бардык чакырыктарына жооп берип жатканыңыздарды канагаттануу менен белгилеп кетейин.

Мындан ары дагы жаңы-жаңы демилгелер менен идеяларды көтөрүп, Ата Мекенибизди алга жылдырууга жигердүү салым кошоруңарга ишенем.

Жаштар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, жалындуу жаштык каалайм", - деп жазылат анын куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан