Коңшу Казакстан Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанга ок-дары жана атайын техника бере турганы маалым болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, казак тарап жардамды Бишкек шаарындагы Кой-Таш пунктуна жана Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жеткирүүнү өз моюнуна алганы, ошону менен катар аскердик жардамды башка, үчүнчү өлкөлөргө берүүгө болбой турганы жазылат маалыматта.
Ал эми Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев Тажикстанга аскер мүлктөрүн берүү Казакстандын аскердик даярдыгына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбестигин билдирген.
Бул макулдашууну мажилис депутаттары колдоп, документ сенатка жөнөтүлгөн.