Буга чейин интернет желесине аялына кол көтөргөн эркектин видеосу жарыяланган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү колго түшүрүлдү. Маалыматты Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, укук коргоочуларга жабырлануучу өзү кайрылган. Шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашат мекемеден.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган.