Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев: "Сагызгандай шакылдаган айрым талапкерлер тилинин азабын тартышат"

Жалал-Абадда УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмү үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Имараттын ачылышына катышкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, шайлоонун үгүт иштерине токтолду.

"Буга чейин шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс толук колдонулуп келген. Быйыл жаңы кабыл алган Конституциябыздын негизинде мыйзамдуулукту орнотуунун негизги принциптери түзүлдү. Мындан ары шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт. Элдин өзүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кандай адам парламентке депутат болуп келбесин биз алар менен иштешүүгө милдеттүүбүз жана иштеше алабыз. Административдик ресурс колдонгондор боюнча катуу жазаларды көрүп жатабыз.

Бизде маалыматтар бар, көптөгөн талапкерлердин бир апта калганда, 2 күн калганда сатып алабыз деп күтүп оурганы боюнча. Шайлоого бир апта, 2 күн калганда күнү-түнү уктабашыңар керек, күнү-түнү көзөмөлдөшүңөр керек. Эгерде сатып алуу процесстери болуп кетсе ошол аймактагы биздин кызматкерлер жазаланасыңар.

Ал эми айрым кандидаттар өздөрүнүн программасын тааныштыруу менен эмес, башкаларды каралоо, жамандоо, туура эмес маалыматтарды элге таратуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Ошондой сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартышат. Тилин тыйып, маалыматты элге туура берип, элге программасын алып келсе... Биз мына шарт түзүп берип жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Uli6886
2021-11-11 09:52:03
Президент баш болуп Мадумаровго жабышып алдынарго. Ушундай эле болбой кетип атса да жаман катынга окшоп айтыша бербей тек койгулачы. Силердин ишинер бар ошол менен алек болгула
+10
Ela93
2021-11-11 10:13:25
Жазасын алсын, туура эмес маалымат тараткандар!
+11
Umar7
2021-11-11 11:17:05
Сенин тилиңдин азабынан Баткенде 36 жаран мерт кетти! Сен да бул үчүн сөзсүз жооп бересин
+12
bond02
2021-11-11 11:33:06
Туура созду айтып шакылдап жатат ал Мадумаров, силердей пустой обещаниелерди берип элди алдабай.
0
Azat-123
2021-11-11 11:39:27
Ташиев эркексиң
0
Simels
2021-11-11 11:56:17
Туура эч эле программалары жок эле өткөндү айтып, жамандап ушакчы катындай болуп жүрүшөт. Ошол эле эң белгилүү саясатчылар!
+6
Antiradikal0
2021-11-11 12:22:55
Бул Ташиев Бакиевге окшоп как будто бир омур бийликте отура тургансып журот. Озу бир жылда эмнени кыйратты?! Ташиев убагында УКМК имараттары жаныланган деген соз калат болгону. Башка не калат?! УКМК имараттарын кое туруп оорукана, мектеп, бала бакча салса болбойбу?! Мисалы ооруканалардын корчулугу Союз убагында, 30-50 жыл илгери курулган. Андан бери элдин саны дээрлик 2 эсе осту, кобойду. Ооруканаларда орундар жетишсиз. Жаны ооруканаларды куруу керек!
+8
Antiradikal0
2021-11-11 12:27:06
Жаны оорукана, жаны бала бакча ж.б. курууга бюджетте акча жок дешет. Ал эми Ташиевдин УКМКларына канча болсо да акча бар. Бул дегени эл ооруканаларда полдо жатабы, мугалимдер окуучуларга кулайын деген авариялык мектептерде сабак отобу, мага айырмасы канча дегени эмеспи Ташиевдин...

Бензин 60 сомго чыкты. Ташиев ат тезегин кургатпай 3-4 лэнд крузерлер менен кичи мекенине барып турат. Аларга канча бензин кеткенине Ташиевдин башы оорумак беле?!
+9
Antiradikal0
2021-11-11 12:31:48
Баягы эле эл толойт да...

Эми шайлоону айтып отуптур. Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдын кайсы бир партияга тиешеси болбошу керек. Мыйзам боюнча. Бирок "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Ташиевдики экенин баары билет. "Мекенчил эл" Садыр Жапаровго тиешелуу экенин эл билет. Кечээ жаздагы шайлоодо эле Ташиевдин уулу "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын курамында кайсы бир шаардык шайлоого катышып, шайлоодо аталган партия эн коп добуш алган.
+7
Antiradikal0
2021-11-11 12:35:45
Ташиевдин уулу аталган партиянын курамы менен барып депутат болуп, кийин мандатын тапшырды, соз кобойуп баштаганда.

Бугун аты аталган партиянын тизмеси менен былтыркы "Мекенчил" партиясынын тизмесин салыштыргыла. Окшош жуздор бар бекен?! Партияны Ташиевдин марионеткасы баштап бара жатат. Бул жагы кандай болду ошондо?!

Аты аталган партияга эч тиешем жок деп каратып калп айткан Ташиевдин озуно чара корулобу же жокпу?!

+8
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-11 13:03:56
Жердин баарынале укмкага здания куруп атат башка ишканаларгада көңүл бурбайбы ооруканада места жетпей полдо жатат оорулуулар
+14
aslan_akjol89
2021-11-11 13:13:30
Эгер админ.ресурс эч колдонулбаса анда Бутун Кыргызстан утту бул шайлоодо.
+8
IOA
2021-11-11 21:35:09
Бутун Кыргызстанды 3% Эл шайласа суйунсун
+1
Dembele84
2021-11-11 21:55:01
IOA,Сен мал шайлабасан шайлаба,калганы шайлайт
-3
Kushu_0703
2021-11-11 22:31:46
Dembele84,Ошол малга тенелген сен кимсин анда?
+3
Djumahmatov
2021-11-11 22:42:50
Dembele84,сен жалгыз шайласан элдин атынан суйлобой кал
+3
patriot.kg94
2021-11-11 23:03:30
Dembele84,мен дагы шайлабайм калганы деп башкалардын атынан суйлобо озуно гана жооп бер
+4
amirrus
2021-11-12 09:16:12
Оорукана мектепке кобуроок конул бурууга чакырам,биринчи байлык ден соолук дейт го,кылмышкерди жаман зданиеге камаса деле болот, ооруп калгандарга жакшы шарт тузуш керек
+2
make2
2021-11-13 00:58:03
Буту́н кыргызстан алгаааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан