Бүгүн, 13-ноябрь күнү Чоң Чүй каналынан 3-ноябрда жоголгон 6 жаштагы Нурсултан Медетбековдун сөөгү табылды. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча баланын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси жок. Учурда баланын сөөгү өлүк кармоочу жайга жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев менен 6 жаштагы Нурсултан Медербеков 3-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. 9-ноябрда 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү табылып, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок экени айтылган.