Бишкекте 18 жаштагы Айжамал Нурланова изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда Айжамал Нурланова Кызыл-Аскерде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, чач жасалгасы карэ.
Кийген кийимдери: Боз түстөгү күрмө, кара түстөгү толстовка, көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү кыз боюнча маалымат билсе төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0555 23 04 90, 0755 07 47 20.