
Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын маалымдашты.
Жер титирөө 10 ноябрь күнү саат 23:41де Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин, Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.