Биз социалдык тармакта

"Кыргыз темир жолу" ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өзүнүн каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
"Бүгүн Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз", - деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.
20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
* темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин ("Балыкчы" станциясынан 148-чакырымына чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;
* 3729-чакырым темир жолдон 3733-чакырымга чейин - 5 чакырым рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);
* темир жолдун 3676-чакырымына (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2021-11-11 13:47:36
Кытайга өткөрүп жибергиле темирге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан