Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу аял кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1940-жылы туулган К.В. аттуу жаран жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.М. аттуу аял кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан