Бүгүн, 11-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барат.
Өлкө башчы Стамбул шаарына ТУ-154М учагы менен барарын SUPER.KG порталына президенттик администрациядан билдиришти.
31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына барган. Көп өтпөй өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкууга алынган. Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам президент учуп жүргөн ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тарткандыгын билдирген.
ТУ-154М 1993-жылы чыгарылып, ошондон бери бийлик башчылары үчүн каттамдарды ишке ашырып келет.