Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызамык оорусунун күч алуу коркунучу бар экенин эскертти

2020-жылы кызамыкка каршы пландуу эмдөө үзгүлтүккө учурагандыктан оорунун жаңы очоктору пайда болуу коркунучу бар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"2020-жылы 22 миллиондон ашык бала кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын өткөрүп жиберген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 3 миллионго көп, бул акыркы жыйырма жылдагы эң чоң өсүш жана эпидемия үчүн кооптуу чөйрө түзүүдө", - деп айтылат ДССУ менен АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун биргелешкен отчётунда.

Ошол эле учурда 2020-жылы кызамык оорусуна чалдыккандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 80 пайызга азайган.

Бирок жугуштуу оорулардын саны азайганына карабастан дүйнөдө кызамык оорусунун чыгуу коркунучу өсүүдө дешет адистер. Докладдын авторлорунун айтымында, дүйнөдө кызамык оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл начарлап кеткен. Мындан тышкары начар тестирлөө жана оору жөнүндө маалымдуулук да дүйнөлүк коомчулуктун оорунун чыгышын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан