Биз социалдык тармакта

"Чек арадан мыйзамсыз өткөн". Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери лейлектик тургунду кармап кетишти

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунун 24 жаштагы тургунун кармап кетишкен. Аны өлкөгө кайтаруу боюнча эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашат.

Мекемеден билдиришкендей, 21-октябрда А.Хайдаров аттуу Кыргыз жаранын коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери кармап кетишкен.

"Алдын ала маалыматка ылайык, Хайдаров Тажикстандын Пахтакор аймагынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалган. Аталган аймакта анын атасы жашайт. Кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу боюнча эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги башчыларынын сүйлөшүүсү болду. Бул маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Учурда Хайдаровду мекенге кайтаруу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-11-11 12:18:10
Туура кылышыптыр.Бизде тажиктер эшек жайлоодо журот,акчасын алып койо беришет биздин иттер.
+5
-FREEDOM-
2021-11-11 14:09:26
Жол жабык экенбилип туруп ототда с лар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан