Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдында Аламүдүн райондук сотунун экс-судьясы Эмил Мамытовго каршы митинг өтүп жатат.
Митингге болжол менен 10го жакын адам чыгып, алар Эмил Мамытов жакында камактан чыгаары айтылып жаткандыгын билдиришип, соттордун акчага алданбашын суранышууда.
Алар колдоруна "Эмил Мамытов алдамчы", "Эмил Мамытовду кайрадан СИЗОго" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Эскерте кетсек, Эмил Мамытов алдамчылыкка шектелип октябрь айында камакка алынган. Соттун чечими менен Эмил Мамытов СИЗО-1ге киргизилген.