Биз социалдык тармакта

Токтогул ГЭСинде суунун агып чыгышы эмнеден улам көп болууда? "Электр станцияларынын" жообу

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурмандар Токтогул ГЭСинде суунун суткалык агып чыгышы эмнеден улам көп болуп жатат деп суроо салышты.

Бул маселе боюнча "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна байланыштык. Алардын айтымында, мындай жагдай эл электр энергиясын көп колдонуп жатканы менен түшүндүрүштү.

"Бул түздөн-түз калк электр энергияны көп колдонуп жатканы менен байланыштуу" дешти мекемеден.

Бүгүн, 11-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 641 метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 174 метр куб болсо, агып чыгышы 510 метр куб болду.

Былтыркы жылы ушул күнү суунун көлөмү 14 миллиард 555 метр куб болгон. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 196 метр кубду түзсө, ал эми 508 метр куб суу агып чыккан.

2019-жылы ГЭСтеги суунун көлөмү 16 миллиард 872 миллион метр кубдү түзгөнү "Электр станцияларынын" расмий сайтында көрсөтүлөт. Бул жылы суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 225 метр кубду түзсө, ал эми суунун агып чыгышы 440 метр куб болгон.

Быйыл былтыркы жылга (ред.: 11-ноябрга карата) салыштырмалуу болжолдуу 3 миллиард метр куб суу аз болсо, 2019-жылга караганда 5 миллиард метр куб суу аз болууда.

Эске салсак, өлкөдө электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизилген. Энергетика министрлиги мындай кадамга баруу Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу экендигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aslan_akjol89
2021-11-11 13:09:21
Сатып эле жатабыз дегилечи айланайындар
+2
Fernando_Torres
2021-11-11 13:36:02
Кеебир генкелестер элементарный нерсени билишпейт окуган эмесби Суунун Агып чыгышы ошол Свет көп колдонулган учурда болот Свет суудан чыкпайт ток чыгарган агиригат бар ошол агиригат иштеп туруш үчүн гана суу керек болот суу көп болуп агригатка урунганда агригат тез айланып ток бөлүп чыгарып турат суу жок болуп калса агиригат иштебей калат анан ток чыкпай калат канчалык агрегат тез иштесе ошончолук көп суу керек болот братишкалар нанды нана деп жүрөсүңөр да ошон оку оку жана оку
0
Tursunbaev1978
2021-11-11 14:13:49
Fernando_Torres,сен кыйратып окуган экенсиң,күндөлүнүңү бер,"кеебир","агригат"үчүн эки,сенда "окуу,окуу жана окуу
+1
Fernando_Torres
2021-11-11 13:40:24
Анан Силерге кайсы Атаңар айтты ток суудан чыгат деп окубаган галдир баштар суунун көп коротулуп көп агып чыгышы ошол агрегатан бат айланып ток чыгарып жатканына байланыштуу болот Агрегат Ток Чыгарат АГРЕГАТ БЕНЗИН ЖЕ МАЙ МЕНЕН ИШТЕБЕЙТ АЛ СУУНУН КУЧУ МЕНЕН КАНА АЙЛАНАТ АНАН ТОК ЧЫГАРАТ
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан