Биз социалдык тармакта

Унаасын үйүнө бекитип койгон. Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрда болжол менен саат 02:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Осмонкул көчөсү менен бара жатып Эстоний көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1970-жылы туулган Н.А. аттуу жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Мазда үлгүсүндөгү унаанын 1962-жылы туулган Ч.С. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Айдоочу унааны үйүнө бекитип, үстүн жаап койгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан