Биз социалдык тармакта

Тажикстанда 110 сом. Коңшу өлкөлөрдөгү кумшекердин баалары аталды

Бүгүн, 11-ноябрда социалдык мааниге ээ азыктардын баалары тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттин агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Чүй жана Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Султангазиев жана башкалар катышууда.

"Кумшекердин 50 пайызын өзүбүз өндүрөбүз, 50 пайызы сырттан ташылып келет. Өлкөдө кумшекердин орточо баасы килограммы 68 сом, Казакстанда 62 сом, Өзбекстанда 69 сом, Орусияда 60, Арменияда 75 сом, Тажикстанда 110 сом.

Биз бааларды туруктуу кармоого аракет кылабыз. Ишкерлерибиз дагы сырттан экспорттоо жолу менен кумшекерди өлкөгө алып келип, базар рыногуна киргизүүдө.

Өсүмдүк майынын 85-90 пайызын сырттан алып келебиз. 10 пайызын өзүбүздүн ички ишканалар каржылайт. Өлкөдө бир литр майдын орточо баасы 155 сом, Казакстанда дагы (ред.: бүгүнкү курс менен сомго алганда) 155 сом, Өзбекстанда 189 сом, Орусияда 135 сом, Арменияда 190 сом, Тажикстанда 220 сом", - деп билдирди Тайлаков.

Ошондой эле ал бааларды кескин көтөрүүгө жол берилбей турганын кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elmira.
2021-11-11 15:15:57
Кескин которууго жол берилмектен давно берилдиго,баалары эки эсе которулду
-1
Erkusha
2021-11-11 15:32:36
70 75тен алып атабыз кумшекерди
+4
Talastan
2021-11-11 15:35:57
Бизде дагы кымбаттайт дегени да элдин кулагын кондуруп. Салыштырып баштаганда эле кымбаттап кетчи эле. Эскертпедик беле деп коюшат буларын.
+4
Mister-XXX
2021-11-11 15:44:08
Туура эле жазыптыр.Баардык жерде кымбат.Эгер Кыргызстанда арзан болгондо башка мамлекеттердин ишкерлери сатып алып,баары бир кымбаттатып салмак.Россиядан өсүмдүк майын оптом алса арзан,штуктап алсан кымбат эле болуп жатат.Кыргызстанда базарга караганда Глобус магазинде кумшекер арзан экен.Бирок 5 кг ашыкча сатпайт экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан