Биз социалдык тармакта

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: "Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт"

Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, бул рынокто бир жарым айга чейин жетиштүү запастар бар.

"Күйүүчү майдын орточо баасы бизде 55 сом, Казакстанда 58 сом, Өзбекстанда 76 сом, Орусияда 62 сом, Арменияда 87 сом, Тажикстанда 87 сом болууда.

Акыркы кезде Орусияда дагы дүң баалар көтөрүлгөн. Алар менен бааны кескин жогорулатпоо боюнча сүйлөшүп алдык. Көтөрсө дагы иреттүү көтөрүшөт.

Агенттик бир топ механизмдер менен иштерди жүргүзүп жатат.

Биринчиден, аталган рынокто иштегендер менен жолугушуу өткөрүп, сунуштарын угуу. Экинчиден, башка мамлекетте абалга, өз наркы жана ташуу наркы тууралуу талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчүдөн, баа кескин көтөрүлүп кеткенде эскертмелер берилет. Ал аткарылбаса айып каралат.

Бир апта мурунку жолугушууда күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө боюнча тийиштүү талаптар коюлду.

Күйүүчү май боюнча эң кымбат баа Чаткалда. Ал жакка жол чыгымдары көп болгондуктан башка аймактарга салыштырмалуу 7-8 сомго айырмачылыктар байкалат", - деп билдирди Тайлаков.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bishkek-Kg
2021-11-11 16:03:19
Казактанда АИ-95 бензин 29 сом чемта тыйын деп туру, антип жалган сүйлөп эки жүздүүлөнбөгүлө!!!
+5
Munir81
2021-11-11 16:15:24
Лейлекте аи 92 64сом 90тыйын
+6
Antiradikal0
2021-11-11 16:51:07
Бийликте аферисттер отурат. Мына, азыр эле интернеттен карадым. Казахстанда АИ 92 бензини 170-190 тенге. Сомго чага келгенде 33-38 сом. 40 сомго да жетпейт. Анан Казахстанда 58 сом деп каяктан чыкты?! Ал эми бизде АИ 92 бензини 59-64 сом региондордо. Бишкекте 55 сом экенинен да кумонум бар. 56-58 сом болсо керек.

Бир соз менен аферисттер булар. 30 жылда бензин ушунча которулбогон. Заправкачы Ташиев бийликке келгенден бери эл онбой калды, кундо бензин кымбаттап.
+4
bratanyn
2021-11-11 17:17:52
Алабука району Көк таш.Бизде бензин 72сом дизел 70сом
+3
Rusbayastan
2021-11-11 18:22:54
Калп айткандан кантип уялбайсынар?
+4
Sambet08
2021-11-11 20:10:49
Балп деп жалганды урдура берет экенсинерда бетинерда БЕТОН экен
+2
munar1980
2021-11-12 00:37:14
Ушуларды окуйт болду бекен жалган суйлоп жаткандар уялбайт деле россияны салыштырбагыла бизде зарплата аз бизге 50 мин 80 мин зарплата берсенер 70 сом болсо да куйат элем бензин
+1
rahat73.
2021-11-12 01:39:37
Антимонопольной служба тантып кайдагы цифраны айтпа Элди эзбе билбегенден кийин жаны кашайып Турган элдин жинине тийбей бааны көзөмөлдө.Тайлаков ойлончу эгерде орустарда 62 сом болсо бизде канча сом болоорун.тушунчу сенин жазып берген статистикан эч туура эмес силерге сөз жок калды кудай эле жазанарды берип калсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан