Бишкекте 44 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБине 43 жаштагы аял арыз менен кайрылып, чала таанышы андан 10 миң долларды эки аптада берем деп алып, бирок бербей жүргөнүн айтып арызданган.
"Бул факты алдамчылык менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Териштирүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.