Эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин эки баласын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош ШИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 8 жана 11 жаштардагы эки бала шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын алдынан жана анын ичине чейин кирип кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан.
"Маектешүүдө балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлай тургандыгын, "күндө бир жарым миң сом тапкыла" деп план коюп бергендигин, акча таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен. "Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, батирдин ижара акысын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт" деп айтып берген өспүрүмдөр.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн "жашы жете элек баланы коомго каршы аракеттерге тартуу" фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.