8 килограммга жакын гашиш баңги заты менен Нарын облусунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Токтогул РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, республиканын түштүк аймагынан баңгизаттарды ташуу жолун уюштургандарды аныкташты.
"14-октябрь күнү Бишкек –Ош унаа жолунда атайын тергөө амалдарынын негизинде, 1997-жылы туулган Д.у.И.нин башкаруусундагы Хонда-Фит унаасы токтотулган. Унаанын ичинде 1996-жылы туулган Т.у.Э. аттуу дагы жаран болгон.
Унаага тинтүү жүргүзүлүп, багажынан кара түстөгү баштык табылган. Анын ичинде скотч менен оролгон 15 таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат жалпы салмагы 7 килограмм 491 граммды түзгөн гашиш баңги заты болуп чыккан.
Азыркы учурда кармалган жарандар Токтогул РИИБинде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.