Чүйдө бир нече каракчылык фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Лебединовка айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат берилген. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 5-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 04:20 чамасында үй ээсинин уулу дааратканага баратып экинчи кабатка чыга турган тепкичтен бир нече адамдын көлөкөсүн байкаган. Ал дароо үйдөгүлөрдү ойготуш үчүн алар жаткан бөлмөгө жөнөгөнд, белгисиз адамдар ага ок чыгарышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, белгисиз адамдар үйгө ашкананын терезеси аркылуу киришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Шектүүлөрдүн унаалары видео камералар боюнча кароо жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүүлөрдүн унаасы аныкталган.
Иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1972-жылы туулган М.Э., 1974-жылы туулган Р.И., 1999-жылы туулган А.Ф. жана 1997-жылы туулган Ш.В. аттуу жарандар кармалышкан.
Шектүүлөрдүн бири 1972-жылы туулган М.Э. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалып, унаасынан кара куурай табылган. Андан сырткары жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кол кап, бет кап, диний китептер, флеш-карта жана сим-карталар алынган.
Ал эми кийинки шектүү Р.И.нын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу куралдар, диний багыттагы китептер жана баракчалар, газ куюлган баллон табылган.
Териштирүүдө шектүүлөр Аламүдүн районунун Лебединовка айылында дагы ушул сыяктуу каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда ушул жылдын 26-август күнү таң эрте Т.Б. аттуу жарандын үйүнө бейтааныш адамдар кирип, анын колу-бутун скотч менен байлап, белгисиз үлгүдөгү курал такап акча талап кылышып, кийин анын короосунда токтоп турган Хонда СРВ унаасын айдап кетишкен. Ал унаа кийин Бишкек шаарынын аймагынан табылган.
Кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагындагы эки каракчылык фактысынан сырткары дагы үч каракчылыкка тиешеси бар экендиги такталган. Алардын экөө Бишкек шаарынын аймагында болсо, Жалал-Абад облусунда бир каракчылык фактысы катталгандыгы маалым болгон. Булардан сырткары Бишкек шаарынын аймагында дагы 3 уурулук фактысына тиешеси бар экени такталган.
Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.