Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 4-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Натыйжада жол кырсыгынын кесепетинен 2004-жылы туулган Р.Ж. аттуу өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Kia Sportage үлгүсүндөгү унаанын 1967-жылы туулган С.Д. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткиришкен.