Биз социалдык тармакта

ИИМдин имаратына өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин стендин ачуу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-ноябрь күнү ачылыш азем болуп өткөн. Анда басма сөз кызматы тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илингенин көрүүгө болот.

Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А.Ботобаев, М.Исмаилов, Б.Матмусаев, М.Кулуев жана башкалар келип катышкан. Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылган.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-11-11 18:11:22
Бул өткөн тарых илинет да.
+10
Kolyaa
2021-11-11 18:26:58
Рысалиевге эчкимдин күчү жетпейби?
Эмнеге жоопко тартылбайт?
+7
Tursunbaev1978
2021-11-11 19:21:52
Kolyaa,бул жалагычта,Сокени Манасыз деген парламентте,булардын бети менен к.тү бирдей,эми Садырды ким дейт экен,көрөбүз
+4
Agayu
2021-11-11 21:02:26
тарых так болгону жакшы.Просто чымындан Пил жасап жатышат Смилер
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан