Социалдык тармактарда кызды башка тепкен жарандын видеосу тарады.
Айрым маалымат каражаттары бул окуя Бишкектеги ресторандардын биринде болгонун жазышууда. Алардын маалыматына ылайык, 19 жаштагы жабыркаган кыз ресторанында сүрөтчү болуп иштейт. Ага ресторандын коногу сүрөттүн баасын түшүрүүнү талап кылган. Кыз макул болбой койгон үчүн эркек киши кызды тепкени жазылат.