Бүгүн, 11-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭде Сингапур курамасына каршы беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алды.
"Ак шумкарлар" беттештеги эки голду оюндун биринчи бөлүгүндө жарата алды. Беттештеги 3 гол тең оюндун биринчи бөлүгүндө жаралды. Кыргыз курамасынан голдорду 3-мүнөттө коргоочу Айзар Акматов жаратса, экинчи голду 9-мүнөттө чабуулчу Эрнест Батырканов жаратты.
Эми "Ак шумкарлар" 16-ноябрда Бахрейн курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул оюн Манама шаарында өтөт.