Кочкордо порнографиялык сайттарга кирип алдангандар 500 миң сомго чыгым болушкан. Шектүү кармалды

Кочкор райондук милициясы порнографиялык сайттарга кирген жарандардан опузалап акча талап кылганга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шектүү Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Р.Ж. белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз оңой материалдык пайда табуу максатын көздөшүп “Альфа-Телеком” ЖАКсынын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттеринин конституциялык укугун бузуп, шантаж жолу менен төмөнкү билдирүүнү таратып келишкен.

“Ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында тыюу салынган материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз..... Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек... ” – деген билдирүүнү күмөн интернет сайттар аркылуу жарандарга жиберишип, аларды коркутуу менен опузалап 2200 сом акча талап кылышып, төлөм терминалдарын колдонушуп АУБ, Easy Pay, QIWI, Кошолек Компаньон, О! Деньги, Элсом, МБанк Online жана Optima24 аркылуу өзүлөрүнүн электрондук капчыктарына жарандардын акчаларын котортуп алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым келтирилгени аныкталган. Жабырлануучулардын саны дагы такталууда.

Бул факты "опузалап талап кылуу" менен Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча шектүү Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну 1989-жылы туулган Р.Ж. кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
“Альфа-Телеком” ЖАКсынын коопсуздук боюнча кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева ушул сыяктуу күмөн ойлорду жараткан билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. ИИМ расмий маалыматтарды басма сөз кызматы аркылуу гана таратат.

Эгер ушундай билдирүүлөргө туш болгон жарандар "102" кызматы аркылуу укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bishkek-Kg
2021-11-11 22:30:14
Эркек экенсиңер, порно сайт өзү арам, арамга киргендерден мынтип акча алса туура эле болот негизи, саяк жүрсөң таяк жейсиң дегени ушулда!!!
+3
heaven2016
2021-11-11 22:55:52
Гений
+7
AruuKasi
2021-11-11 23:51:55
Азамат экен бирок баш катуу иштейт экен. Ал сайтка киргенин кантип билет экен а ошондо адамдар ошондой сайтка коп кирет экен да А ха хаааа жашай берсен коро берет экенсинда ар балээни.
+5
suban78
2021-11-12 00:26:22
Балекет адам го. Азаматсын бирок там бердим. Кулуп да алдым тапкан амалына. Заманга жараша деп ушуну айтат окшойт го бир болсо
+7
Aimani
2021-11-12 09:51:20
Порно сайтка кирбесен деле ушинтип блокко түшүрүп салат. Москвада мен да кабылгам ушундайга. Күйөөм менен урушуп сен киргенин го деп.
+1
Danysh1
2021-11-12 15:27:13
Базар жок 5 деген баа бердим Азаматсың
+2
Danysh1
2021-11-12 15:29:18
Буларды камабаш керек мамлекет үчүн иштетиш керек баардык адамдын колунан келе бербейт хакерчилик
+2
Nursul
2021-11-12 19:25:21
Өзү ал сайттарга эмнеге киришет түшүнбөйм, экинчи кирбез эле болушуптур да. Ошол сайттарды жаап эле салышса жакшы болмок.
0
Goodyer
2021-11-12 20:44:49
Молодец )))
0
Goodyer
2021-11-12 20:45:49
Депутаттарды дагы Бир коркутуп койушун керек экен))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан