Депутат: "Гугл, Яндекс, Фейсбук сыяктуу кызмат түрлөрү салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт"

Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясында салыктардын 7 түрү гана эсептешүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу депутат Алайбек Алымбаев "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Ал эми колдонуудагы Салык кодексинде салык төлөмдөрүнүн жалпы 8 түрү бар эле. Ушуну менен салыкка байланышкан негизги документтин бул 3 – ирет толукталып, өзгөртүлүп жатышы. Башкы максат – салык төлөмдөрүн татаалдаштырбастан, аларды кайра жеңилдетүү багыттарын көздөйт.

Заман талаптары улам жаңыча шарттар менен өнүгүп жатканда санариптик системалар да турмушубузга аралаша баштады. Айталы, Гугл, Яндекс, Фейсбук сыяктуу кызмат түрлөрү салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт. Бул жаңы кодекстин редакциясындагы жаңылыктардын бири", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusbayastan
2021-11-12 08:41:11
Яндекс пофик аларга кучунор жетпейт кааласа толобой да коёт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан