Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек шаарында жаштар жана чоңдор арасында заманбап пентатлон (пятиборью) боюнча Бишкектин Кубогу старт алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, турнирге 50дөн ашык спортчу катышат. Катышууга 11 жаштан жогорку балдар, жаштар жана чоңдорго (эркектер жана аялдар) уруксат берилет.
"Заманбап пентатлон боюнча Бишкек шаарынын Кубогу Кыргыз Республикасында заманбап пентатлонду жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын эң күчтүү спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө", - деп билдиришти мэриядан.