Биз социалдык тармакта

"Окуучулардын үгүт иштерине катышуусуна жол берген". Алайда мектеп-гимназиянын директоруна сөгүш берилди

Ош облусунун Алай районунда мектеп окуучулары үгүт иштерине катышкандыгы боюнча териштирүү болду. Ага ылайык, мектеп директоруна сөгүш берилгенин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган саясий партиялардын Гүлчө айылындагы эл менен жолугушуусунда мектеп имаратында окуучулар тосуп алган деген видео интернетке тараган.
"Тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча, Алай районунун Ж.Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейинин директору Ж.Мурзалиевге саясий партиялардын үгүт иштерине катышуусуна жол бергендиги жана аларга жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тартиптик чара колдонуп берүү боюнча Алай райондук мамлекеттик администрациясы Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогон.
Андан тышкары ушундай эле көрүнүш боюнча Алай районунун №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын 10-класстагы окуучуларынын үгүт иштерине катышкандыгы боюнча саясий партиялардын үгүт иштерине катышуусуна жол бергендиги жана аларга жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн гимназиянын директору Гулмира Раимкуловага сөгүш жарыяланды.
Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан кетти", - дешти өкүлчүлүктөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Katrina.
2021-11-12 10:37:00
Акматбек Келдибековдун айынан иштен айдалышкан окшойт байкуштар.
+1
aliya-leyla
2021-11-12 21:50:32
он сегизге чыга элек нерселерди неге аралаштырышат. Директорду да иштен алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан